«Баймак» алтын кенине аукцион жарыяланды

8 январь 2018 17:29 885 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда жайгашкан «Баймак» алтын кенинин аймагында геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүү боюнча аукцион жарыяланды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин сайтында маалымдалган.

Объекттин баштапкы баасы  - 9 375  АКШ долларын түзөт.

Белгилесек, аукцион ушул жылы 26-февралда Ала-Бука шаарында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өткөрүлөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10490



Добавить комментарий