Эртең республика боюнча күн ачык, жолдор тайгак болот
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 9-январда республикада күн ачык болот, айрым райондорго кар жаашы мүмкүн.
Ош шаарында түнкүсүн абанын температурасы -1…-3, күндүз +2…+4, Бишкекте түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…+4 градус жылыйт.
Чүй областында түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6, Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз +2 … +7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында болсо түнкүсүн -1…+-6, күндүз +3…+8, Нарын областында түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8, Ысык-Көлдө түнкүсүн температура -4…-9, күндүз +1…+6 болот.
9-январда айрым райондорго кар жаайт, 10-11-январь күндөрү күн ачык, жолдор тайгак болот. Ал эми 12-январда түнкүсүн республиканын көпчүлүк аймактарына жана күндүз жер-жерлерге кар жаайт.
Буга чейин Кыргызгидромет билдиргендей, Кыргызстанда катуу суук жана абанын температурасынын төмөндөшү январь айынын үчүнчү декадасында күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content10473
Добавить комментарий ×