Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери иштен айдалды
Бөлүшүү:
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери жана директорунун милдетин аткаруучу Айдарбек Шакировду иштен бошотту.
Белгилесек, бүгүн, Бишкекте аталган медборбордун кызматкерлери №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучуну кызматтан алуу талабы менен митинг уюштурушкан.
Батыралиевдин айтымында, Шакиров өзүнүн милдеттерин одоно бузганы үчүн Эмгек кодекси боюнча жумуштан алынган.
Ал белгилегендей, кызматтан бошотуу-Ленин райндук прокуратурасынын көрсөтмөсү жана министрликтин комиссиясынын чечиминин негизинде ишке ашырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content10467
Добавить комментарий ×