Өрткө каршы кызмат агенттигинин мурунку жетекчисине карата өкүм чыкты

5 январь 2018 18:53 621 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин мурунку жетекчиси М.М. жана анын кол астындагылары болгон М.Т., Т.М., Т.К. карата козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Алар Кылмыш кодексинин 171-беренеси боюнча (Карамагындагы мүлктү ээлеп алуу же жок кылуу) күнөөлүү деп табылган.

М. М. жана М. Т. 6 жылга, ал эми калганы 5 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген. Ошондой эле алар, соттун өкүмүнө ылайык, 2 жылдык мөөнөт менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда эмгектенүү укугунан ажыратылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10429



Добавить комментарий