Жумагулов: «Жетекчилерге чапан жапкан салтыбызды токтотолу»
“Жетекчилерге чапан жапканды токтотолу!”, - деп Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов мекендештерди чакырды.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, мындай окуя Жаңы жылдын алдында болгон.
"Министр С.Жумагуловго маданият мекемелердин биринин жетекчилери майрамдык куттуктоолору менен келишип, салт боюнча министрге чапан кийгизишкен. Буга нааразы болгон Жумагулов аларга: Урматтуу кесиптештер! Биринчиден, мындай бакай калпактар менен сый чапандарды ардактуу карыларга кийгизишет. Жетекчилерге чапан кийгизүү үрп-адатын токтотсок. Баалуу кийимге акча короп жатат, өзүңөр деле айлыгыбыз аз деп жатасыңар. Мындан ары мага кийим менен эмес, маданият тармагын жакшыртуу боюнча идеялар менен келишиңиздерди өтүнөм»,-деген»,-деп билдирет басма сөз кызматы.
Ссылка: https://barometr.kg/content10404
Добавить комментарий ×