Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарга кар жаап, жолдор тайгак болот

4 январь 2018 16:23 480 Barometr
Бөлүшүү:
ok

5-6-январь күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар жаап, туман түшөт, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

5-январда Ош шаарына кар жаап, абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+4, Бишкекте түнкүсүн -6…-8, күндүз 0…-2 градус болот.

Чүй областында түнкүсүн абанын температурасы -4…-9, күндүз -2…+3, ал эми Талас областында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2 … +3 градуска жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6 градус болот.

Ал эми Нарын областында температура түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12 граудска чейин жетет. Ысык-Көл областында түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3 градус болору күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10386



Добавить комментарий