Кошумча 275 мектепке ысык тамактандыруу киргизилет

4 январь 2018 15:57 761 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кошумча 275 жалпы билим берүүчү уюмдарга ысык тамактандыруу жана өз алдынча ун азыктарын бышыруу киргизилет жана анда ашпозчулардын санын көбөйтүү каралды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмөн билдиришти. Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Билим берүү жана илим министрлигине, тизмеге киргизилген мектептердеги 1-4-башталгыч класстар үчүн ысык тамак жана ун азыктарынан оокаттарды бышырууну уюштуруу боюнча чараларды көрүү, ошондой эле, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген ашпозчуларга карата белгиленген тартипте билимин өркүндөтүү боюнча талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10385



Добавить комментарий