Асфалть заводу ишке кирүү алдында турат

6 март 2017 15:59 393 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ушул айдан баштап, Аксы районунун Колдо-Сай айылында Япония өкмөтүнөн берилген грантка курулуп жаткан асфальт заводу ишке кирмекчи. Бул тууралуу интернет булактары билдиришти. Заводду куруу үчүн япониялык өндүрүштүк жабдуулар орнотулуп, ага 288 миллион сом бөлүнгөн. Завод ишке кирген соң күн сайын 250 тоннадан продукция берет. Заводдо 12 киши иштейт жана өндүрүлгөн продукцияны Таш-Көмүр шаары, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору керектей алышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1037



Добавить комментарий