Кара-Суу көлүндө мыйзамсыз балык чарбасын жүргүзүшүүдө

4 январь 2018 12:24 654 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 4-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Балык чарбасы тууралуу КРдын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоорун карап чыкты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбоору, Кара-Суу көлүн балык чарбасына ыңгайлашкан көлдөрдүн тизмесинен чыгаруу максатында иштелип чыккан. Мындай сунуш, көлдүн кооздугу жана уникалдуулугу, ошондой эле, илимий изилдөөлөр үчүн полигон болчу көлмөлөргө киргендиги менен далилденген.

Мындан тышкары, бул көл 2014 метр бийикте жайгашкандыктан, ал бийик тоолуу деп мүнөздөлөт.

Кара-Суу көлү “Табият КГ” юридикалык жакка, балык чарбасын жүргүзүү үчүн берилгендиктен, учурда өзгөчө корголуучу жаратылыш территорияларын сактоо жаатында мыйзам бузуулар аныкталууда.

Долбоор үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content10368



Добавить комментарий