Аба ырайы: 5-январда кар жаап, жолдор тайгак болот

3 январь 2018 09:33 674 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 5-январда өлкө боюнча кар жаайт. Синоптиктер кабарлагандай, 3-4-январь күндөрү республика боюнча күн ачык болот, бирок жолдор тайгак болуп, шамалдын багыты өзгөрөт, анын ылдамдыгы секундасына 6 метрге, ал эми 5-январда шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-метрге чейин жетет.

Чүй жана Талас областтарында жакынкы 3 күн бою абанын температурасы күндүз 2ден 10⁰С, түнкүсүн -10 -1⁰С чейин болот. Жалал-Абад, Ош, Баткен областтарында күндүз абанын температурасы 7ден 12 градуска чейин жылыйт, түнкүсүн температура -6⁰С чейин төмөндөйт. Ал эми Ысык-Көл областында болсо температура күндүз 1ден 6⁰С чейин жылышы күтүлөт, түнкүсүн -4 -9⁰С чейин суук болот. Нарын областында күндүз жана түнкүсүн аба ырайынын температурасы минуска түшөт: күндүз -5тен -10⁰С чейин жана түнкүсүн -20дан -25⁰С чейин суук болот.

Кыргызстан боюнча айрым аймактарга 4-январдан 5-январга караган күнү кар жаашы күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10353



Добавить комментарий