Парламенттин депутаты, маркум Калмаматовдун сөөгү бүгүн жерге берилет

3 январь 2018 09:15 814 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-январдан 2-январга караган түнү «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жыргалбек Калмаматов 46 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу анын кесиптеши Элвира Сурабалдиева соцтармакта билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, депутат инфарк оорусунан улам каза тапкан.

Калмаматов бүгүн, 3-январда кичи мекени Алай районунда жерге берилет.

Маркумдун артында тогуз баласы калды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10352



Добавить комментарий