Алтынай Өмүрбекова, вице-спикер: “Азырынча биз социалдык баракчаны тескөө мыйзамын артка чакыртып алдык”

6 март 2017 12:20 444 Barometr
Бөлүшүү:
ok

-Алтынай Сейитбековна,  социалдык баракчаларды тескөө боюнча мыйзам сунуштап жаткансыздар.  Эмне өтпөй калдыбы?

 -Ооба, коомчулукка бул талкууну койгонбуз. Бирок өтпөй калды. Социалдык баракча албетте жакшы нерсе. Азыр эч ким гезит окубайт,  теле деле көрбөй калышты. Баардыгы интернетте олтурушат. Аттарын жашыруу  менен акылга сыйбаган  ушактарды таратып ызы-чуу салып жатышат.  Демек кандайдыр бир тескөө керек. Азырынча  биз социалдык баракчаны тескөө мыйзамын артка чакыртып алдык. Бирок  бул мыйзамды таптакыр эле токтоттук башка көтөрүп чыкпайбыз деп айта албайбыз. Мунун чын бышыгын жакшылап иликтеш керек.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1033



Добавить комментарий