Эстрада ырчысы Омардын Өзбекстанда дагы күйөрмандары көбөйдү

30 декабрь 2017 12:07 2214 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык ырчы Омар Өзбекстанда Zo'r TV каналынан жаңы жыл түнү көрсөтө турган шоу-программага тартылды. Бул жаңы жылдык программанын алып баруучусу белгилегендей, Омар Silk Way Star долбооруна катышкандан кийин ырчынын Кыргызстанга караганда Өзбекстандагы күйөрмандарынын саны өскөн.

Эске салсак, эстрада ырчысы Омар Казакстанда күздүн башталышында старт алган Silk Way Star аттуу сынакта утуп чыккан. Сынакка Түркия, Азербайжан, Грузия, Өзбекстан, Татарстан, Башкортостан жана Кыргызстандан келген атактуу аткаруучулар катышкан.

Конкурста 12 эпизод болуп, ал 3 айга чейин уланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10321



Добавить комментарий