Өкмөт башчы кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекетинин иши менен таанышты

30 декабрь 2017 10:59 582 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков 29-декабрда Нарын областына жасаган иш сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт-автожолу» көзөмөл-өткөрүү бекетинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Премьер-министр транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантин көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук пункттарынын иши менен таанышып чыкты. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бекетте тышкы миграция учетунун Бирдиктүү системасы киргизилгенин айтты.

Өкмөт башчы мындай системаны өлкөнүн бардык көзөмөл бекеттерине киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Сапар Исаков «Торугарт» пунктунун жаңы имаратын көрүп чыкты.

Бүгүнкү күндө бардык курулуш иштери аяктады. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов, «Торугар-автожолу» пунктунун модернизацияланган инфраструктурасы ЕАЭбдин стандарттарына толугу менен дал келерин кошумчалады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10313



Добавить комментарий