Facebook Рамзан Кадыровдун баракчасын блокировкалады

29 декабрь 2017 16:58 640 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамдуманын маалыматтык саясат боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Шамсаил Саралиев, Facebook тармагынын өкүлү Габриэлла Чехке кат жөнөттү. Анда Саралиев, соцтармактан Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун интернеттеги баракчасын блокировкалап жатып, укугу бузулган өздөрүнүн миллиондогон колдонуучуларынан коомчулуктун алдында кечирим суроого чакырган. Бул тууралуу басылмалар жазды.

«Бул факт менен силер, Россия жана башка өлкөлөрдө миллиондогон кишилер үчүн байланыш каналын жаап салдыңар. Рамзан Кадыровдун баракчасына төрт миллиондон ашуун колдонуучу жазылган, алар кабарларды окуп, анык маалыматтардан кабардар болуп турушчу. Силер аларды мындай мүмкүнчүлүктөн ажыраттыңар»,-деп айтылат Саралиевдин катында.

Парламентарий жазгандай, «Рамзан Кадыровдун соцтармактарын блокировкалап салуу-анын миллиондогон жазылуучулары үчүн, сүйүктүү телеканалын жаап салуу, сүйүктүү тасмасын өчүрүп салуу же кызыктуу китепти тартып алгандай эле кеп».

Эске салсак, 22-декабрда, түн ичинде Кадыровдун Фейсбук менен Инстаграммдагы аккаунттары блокировкаланган. Эки соцтармактын тең ээси бир. Фейсбук тармагы мындай блокировкалоону түшүндүргөн эмес, ал эми 27-декабрда соцтүйүн «Кадыровдун аккаунттары, АКШнын Каржы министрлигинин Кадыровго карата санкцияларды киргизгенине байланыштуу жабылган» деп билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/content10303



Добавить комментарий