Ренат Түлөбердиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонддун төрагасы болду
Бөлүшүү:
Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон жарлыкка ылайык, Түлөбердиев Ренат Темирбекович КРдын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Фонддун жамаатына жаңы төраганы өкмөт аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев тааныштырды.
Белгилесек, буга чейин Түлөбердиев президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/content10301
Добавить комментарий ×