Эркинбек Абдыразаков «Бешинчи каналдын» башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

29 декабрь 2017 15:26 528 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эркинбек Талипович Абдыразаков «Бешинчи канал» коомунун башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу телеканалдан билдиришти.

Бүгүн, 29-декабрда, Абдыразаков каналдын жамааты менен жыйналыш өткөрүп, анда ал алдыда кандай иштер жасаларын айтты.

«Бүгүнкү күндө, 2018-жылдын январынан баштап «Бешинчи каналдын» кетпей калган кызматкерлери мажбур түрдө эмгек өргүүсүнө чыгышы керек. Өргүүнүн мөөнөтү азырынча белгисиз бойдон. Жумушчу орундарда бир гана телеканалдын техникалык курамы, эфирге жоопту кызматкерлери жана каржы менен юридикалык иштерди өткөрүп берүүчү жактар калат», - деди ал.

15-декабрда, «Бешинчи каналдын» жетекчилиги иштен кетери белгилүү болгон. Кызматтан кетүү боюнча арыздарын 4 киши: каналдын башкы директору Евгения Бердникова, шеф-редактор Дмитрий Ложников, коммерциялык директор жана башкы режиссер беришкен. Абдыразаков "РСК Банктын" директорлор кеңешинин мүчөсү болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/content10297



Добавить комментарий