1-январда Жердеги калктын саны 7, 444 миллиард кишиге жетет

29 декабрь 2017 13:31 996 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2018-жылы 1-январда планетадагы калктын саны 7 444 443 881 адамга жетет. Мындай божомолду кечээ, АКШнын каттоо бюросунун адистери билдирди.

Алар, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 1-январда дүйнөдө элдин саны 78,5 млн кишиге көп болорун белгилешти.

Кийинки жылы январь айында ар бир секунда ичинде 4,3 бала жарыкка келсе, 1,8 адам өлөрү күтүлөт деп жазат ТАСС.

Буга чейин аталган бюро 2050-жылы дүйнөдө кишилердин саны 9 млрд жетерин болжогон.

 

XI кылымдын башында Жерде 310 млн киши, 1900-жылы 1,6 млрд киши, 1999-жылы 6 млрд адам жашаган. Планетанын калкынын саны 2011-жылы 7 млрд өскөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content10293



Добавить комментарий