Серепчи Бердаков коррупционерлерге калпак кийүүгө тыюу салууну сунуштады
Бөлүшүү:
Эксперт Денис Бердаков коррупционерлергди ак калпак кийүү укугунан ажыратууну сунуштады. Бул тууралуу ал интернеттеги баркчасында жазган.
"Биздин Кыргызстанды тоноп, уят кылган бардык саясатчыларды ак калпак кийүү укугунан ажыратуу керекпи? Шайлоо учурунда президентикке талапкерлердин бардыгына калпак кийгизип жатканын көргөндө уялдым. Калпакты кийүүгө баары татыктуубу??", - дейт ал.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте өткөн иттердин мода көргөзмөсүндө итке калпак кийгизип коюшкан. Соцтармакта колдонуучулар буга нааразылыгын билдиришкен. Кийинчерээк уюштуруучулар кечирим сурашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content10279
Добавить комментарий ×