Чүйдө мектептеги дискотека учурунда окуучулар газдын исине ууланды
Чүйдөгү Кегети айылында Исаев атындагы орто мектептин окуучулары менен мугалимдери генератордук газга ууланды. Бул тууралуу Салматтыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-декабрда, 7-8-класстардын окуучулары мектептин спортзалында жаңы жылдык кече уюштурушкан. Электр энергиясы болбогондуктан алар генераторду колдонушкан.
Бир аздан кийин балдар менен мугалимдер башы ооруганын, башы айланып жүрөгү айныганын байкашкан. Газдын исинен 110 адам, анын 4сү окуучу ууланган. Алар Чүй аймактык ооруканасына кайрылышкан. «Бүгүн айрымы жалпы палатага которулду, абалдары туруктуу. Калгандары амбулатордук дарылоосун улантышат», - деп билдиришти аталган министрликтен.
Ссылка: https://barometr.kg/content10258
Добавить комментарий ×