Бишкекте президенттик балаты майрамы өтүп жатат
Бөлүшүү:
Бишкекте мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана биринчи айым Айгүл Жээнбекованын катышуусунда президенттик балаты өтүп жатат. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан бардыгы болуп 1100 бала келген. Алардын ичинде мыкты окугандар, активисттер, жатак мектептердин окуучулары, үстүбүздөгү жылы Дача Су айылында болгон авиакырсыктын кесепетинен жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. Ошондой эле, балаты майрамына памирлик 12 бала келген.
Президент Сооронбай Жээнбеков бардыгына китептер менен таттууларды белекке берди.
Ссылка: https://barometr.kg/content10256
Добавить комментарий ×