Жээнбеков өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында КРдын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Өкмөттүн төмөндөгү мүчөлөрү ант беришти:
-Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Шадиев Аскарбек Алимбаевич;
-Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Кенекеев Дайыр Атакулович;
-Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Жумагулов Султанбек.
Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына жана өкмөт мүчөлөрүнө иштерине ийгилик каалап, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. “Жаңы жылыбыз жакшылыктардын, ийгиликтердин жана токчулуктун жылы болсун. Элибиздин жашоосу жакшы болсун. Баардыгыбыз эл үчүн иштейбиз деп убада бергенбиз. 2018-жылы убадалардын бардыгы аткарылсын”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Ссылка: https://barometr.kg/content10252
Добавить комментарий ×