«Бешинчи каналдын» жамааты ишмердүүлүгүн токтотуп жатат

28 декабрь 2017 11:22 956 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Бешинчи каналдын" жамааты өзүнүн ишмердүүлүгүн аяктап жатат. Бул тууралуу аталган телеканалдын сайтында маалымдалган.

Бүгүн, 28-декабрда, эфирге акыркы жаңылыктар чыгарылат. Муну менен бирге, саат 20:00дөгү жыйынтыктоочу чыгарылыш телеканалдын азыркы жана мурунку кызматкерлери менен каналдын ишини арналмакчы.

"Бешинчи канал" алгачкы жолу эфирге 2007-жылы 12-февралда, мындан 11 жыл мурун чыккан. Бул кабарларды ар саат сайын түз эфир аркылуу чагылдырып турган Кыргызстандагы биринчи телеканал болчу. Кийинчерээк мындай тажрыйбаны башка, анын ичинде мамлекеттик каналдар дагы өздөүштүрө баштаган.

Жаңылыктардан тышкары, "Бешинчи каналдын" түз эфиринде дээрлик бардык жылдары таңкы көңүл ачуучу программалар көрсөтүлүп жатты.

11 жылдын ичинде Бешинчи каналда ондогон түрдүү долбоорлор даярдалды. Анын ичинде “Путешествие к центру Евразии”, “Другая жизнь с Натальей Кролевич”, “Салт-Санат”, “Майдан”, “Жайлоо”, “Ранчо”,  “Кухня”, “Эпоха перемен”, “Дата”,  “Пятое измерение”, “Мигранты”, “Точка на карте”, “Два туриста на мели”, “Мнение”, “Два мира ТЭЦ”, “Дорожный строитель”, “Городская среда”, “Кыштыкча”, “Люди”, “Закымга айланган замандар”, “Квартира”, “Вечер на Пятом” жана башка долбоорлор.

"Бешинчи каналдын" командасы дайыма бир максатты көздөп келген-көрүүчүлөргө Кыргызстандын жаратылышы канчалык кооз экенин, мекенибизде кандай гана кайрымдуу, таланттуу адамдар жашай турганын, өлкөнүн курулушунда кимдер катышканын айтып жана көрсөтүп берүү болгон. Муну менен бирге, биз, бардык күч-мүмкүнчүлүктөрдү жумшап, коррупция, байманаптык адаттарды, адамдык акмактык менен түркөйлүктү түп-тамырынан жоюуга аракет кылдык.

Каналдын командасында ушул 11 жыл бою сиздер үчүн абдан таланттуу, акылдуу жана кайдыгер карабаган инсандар иштеп берди. Жалаң эле эфирге чыккандар эмес, ошондой эле каналдын канчалаган кызматкери кадр артында эмгектенип, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн тынчсызданып күрөштү. Биз, жамааттын эмгеги менен көптөгөн жакшы иштер жасалды деп ишенебиз. Өлкөнүн, ал турсун дүйнөнүн булуң-бурчундагы биздин көрүүчүлөрүбүзгө чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз. Сиздер бизге үмүт берип, басып алуудан сактап, курч темаларды айтып турдуңуздар, бизди сынга алуу менен өстүрүп жаттыңыздар. Биз сиздер үчүн иштедик.

Каналдын жамааты өзүнүн ишин жыйынтыктап жатат. 28-декабрда, кечки саат 8де телеканал жаңылыктардын акыркы чыгарылышын эфирге алып чыгат. Биз, бардыгы кантип башталганын, кандай кыйынчылыктар жана кубанычтар менен жаңы кадамдар жасалаганын эстейбиз. Планетанын кайсы бурчунда каналдын ачык сары түстүү микрофону болуп келгенин, ошондогу коркунучтар, толкунданууларды эске салып, бир сыйра күлүп аларбыз. Биз баарын эстейбиз жана дагы бир жолу көңүл бурганыңыздар үчүн ырахматыбызды айтабыз. Акыркы жолу "Бешинчи каналда"…….

Ссылка: https://barometr.kg/content10251



Добавить комментарий