Баланы сүзгөн "Жигулинин" айдоочусу табылды
Бишкекте кечээ баланы сүзүп, аны унаасына салып белгисиз багытка алып кеткен «Жигулинин» айдоочусу табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Белгилесек, кечээ, 26-декабрда Ворошилов-Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде саат 12:54тө 7-10 жаштардагы баланы сүзүп кетишкен. Күбөлөрдүн айтымында, бала бир нече метр аралыкка барып жерге башы менен жыгылган.
"Андан кийин айдоочу аны белгисиз жакка алып кеткен»,-деп билдирген журналист Надежда Хохлова.
Бул айдоочуга карата учурда иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Дарыгерлер баланы текшерүүдөн өткөрүштү, ал тирүү жана учурда ата-энеси менен чогуу.
Эске салсак, кечээ, 26-декабрда, саат 12.54тө Бишкектеги Ворошилов-Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде «Жигули» унаасынын айдоочусу болжол менен 7-10 жаштардагы баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу соцтармактарда журналист Надежда Хохлова билдирген.
"Айдоочу унаадан чыгып радиатордук торчонун сыныктарын тере баштаган. Кийин качууга аракеттенген. Күбөлөр анын унаасын сүрөткө тартып алышып, окуя жөнүндө МАИге кабарлашкан. Бул арада бала жаракаты катуу ооруткандыктан кыйкырып жаткан. Айдоочу болсо баланы арткы орундукка отургузуп аны жакын арадагы 5-ооруканага жеткирерин айткан. Анан ошол боюнча көздөн кайым болду! Унаанын номери (ВАЗ 2107) N 01КР 508 АББ, деңиз түстүү «Жигули».
МАИ кызматкери Нурлан (0702 99-99-97) телефон чалып окуя тууралуу териштирүү жүргүзө баштады. Кийин ал №3 балдар бейтапканасына, Акрамов клиникасына телефон чалды, №5 поликлиникага барып келди. Бирок бала эч бир жерде жок болуп чыкты. Мен азыр эле Нурлан менен сүйлөштүм. Ал, бала ошол боюнча табылбай калганын айтты. Мен андан чара көрүлүп жатабы деп сурасам кайра чаларын билдирди. Азыр телефонду албай жатат. ТЕЗ АРАДА баланы издеш керек. Тирүүбү ал, алган жаракатынан же кан көп кеткенден каза болуп деле калышы мүмкүн. А айдоочу болсо шок абалы менен аны жашырышы ыктымал. Кичи пейилдикке, бул билдирүүнү максималдуу түрдө бөлүшүп коюңуздар»,-деп чакырган Хохлова.
Ссылка: https://barometr.kg/content10222
Добавить комментарий ×