Бишкек-Ош автожолу убактылуу жабылды

27 декабрь 2017 11:40 498 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек – Ош автожолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Аба ырайынын бузулушуна байланыштуу Бишкек-Ош жолунда түшкөн таштар жолду бөгөп калды. Адам курмандыктарын жана материалдык жоготууларды болтурбоо максатында жеңил унаа менен жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Ошондой эле, жолдун айрым бөлүктөрүндө кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Жолдун өтө кооптуу жерлериндеги карларды тазалоо боюнча жумуштар 27-31-декабрь күндөрү жүргүзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10219



Добавить комментарий