27-29-декабрь күндөрү өлкөдө мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдор тайгак болот

27 декабрь 2017 09:58 475 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда бүгүн, 27-декабрда, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу КыргызГидроМет билдирди.

Маалымдалгандай, суу кар зымдар менен бактарга жабышат.

Жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда жолдордо кар күрткүлөрү үйүлөт.

Батыштан соккон шамалдын багыты ылдамдап, секундасына 18-23 метрге чыгат.

27-декабрда күндүз жана 28-29-декабрь күндөрү абанын температурасы төмөндөйт: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн абанын температурасы -7 ...12°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2…+3°, Ысык-Көлдүн тоо этектериндеги райондорунда жана ойдуңдарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Нарын областынын тоолуу райондору менне дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° болот.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал жандыктарды кармоону, автотранспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Кардын жаашына жана туруксуз аба ырайына байланыштуу, 27-29-декабрь күндөрү тоолуу райондордо жана Бишкек-Ош автожолунда (Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы) 121-138, 198-246 чакырым Ала-Бука-Каныш-Кыя 65-97 чакырым, Красная Горка-Ак-Таш 1-9 чакырымында, кар көчкү, кар күрткү түшөрү, жолдор тайгак болору күтүлөт. Автожолдордогу кар көчкү түшкөн жерлерден унаа айдап баратканда сөзсүз транспорторт ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

Бишкек шаары боюнча аба ырайы: 27-29-декабрь күндөрүнө карата

27-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт, 28-29-декабрда күн ачык болот. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Абанын температурасы °С

27.12.2017

28.12.2017

29.12.2017

Түнкүсүн

Күндүз

Түнкүсүн

Күндүз

Түнкүсүн

Күндүз

Бишкек

-4...-6

-3...-5

-10...-12

-3...-5

-8...-10

1...3

Ош шаары боюнча аба ырайы

27-декабрда мезгил-мезгили менен кар түшөт, 28-29-декабрда күн ачык болот. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ыламдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы °С

27.12.2017

28.12.2017

29.12.2017

Түнкүсүн

Күндүз

Түнкүсүн

Күндүз

Түнкүсүн

Күндүз

Ош

-4...-6

-1...-3

-6...-8

0...-2

-5...-7

1...3

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10210



Добавить комментарий