"Бишкек Парк" итке калпакты кийгизген жаран үчүн кечирим сурады

26 декабрь 2017 13:20 1413 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаадагы "Бишкек Парк" соода-көңүл ачуу борборунун администрациясы көргөзмө учурунда итине калпак кийгизген шоунун катышуучусу үчүн кечирим сурады.

Dog's Fashion Show – 2018 иттердин мода көргөзмөсүнүн уюштуруучуларынын айтымында, алар конкурсанттар менен алардын иттери кандай костюм менен чыгарын «көзөмөлдөгөн эмес». Ошондой эле, “сынактын программасы жана кийилчү костюмдар конкурстун өзгөчө шартына кирбегендиги” белгилүү болду.

"Биз, катышуучулар ойлонбой туруп иш кылганына, иттин башына улуттук калпакты кийгизгендерине абдан өкүнөбүз. Сынактын катышуучулары үчүн кечирим сурайбыз”,-деп билдиришти аталган соода борборунун администрациясынан.

Алар ошондой эле, жаныбардын кожоюну мындайды жаман ой менен жасаган эместигин белгилешти. "Бул Кыргызстандын элине акарат кылуу сыяктуу эч кандай жаман ниет менен жасалган эмес»,-деп билдиришти борбордон. Эске салсак, буга чейин Бишкекте өткөн иттердин мода көргөзмөсүндө итке калпак кийгизип коюшкан. Соцтармакта колдонуучулар буга нааразылыгын билдиришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content10192



Добавить комментарий