Ошто тилсиз жоодон бир киши каза тапты
Бөлүшүү:
Ош шаарында өрттүн кесепетинен бир киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 25-декабрда, Оштогу көчөлөрдүн биринде турак үйдүн 128 чарчы метрлик аянттагы чатыры, ошондой эле, бөлмө толугу менен күйүп кеткен. Окуя болгон жерден үйдүн кожоюну, 1956-жылы туулган А.Ө. жансыз денеси табылган.
Жалын кошуна үйдү дагы каптаган, анын кесепетинен 10 чарчы метрлик темир чатыр өрттөнгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10190
Добавить комментарий ×