Ырчы Элзар Өскөнбаева кыздуу болду!

26 декабрь 2017 12:43 1960 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү ырчы, “Эл ырчысы Эстебес” тобунун солисткасы Элзар Өскөнбаева бүгүн, 26-декабрда, Бишкек шаарындагы төрөтканада аман-эсен көз жарды. Уулунун артынан кыздуу болгон Элзар Өскөнбаеваны атактуу төкмө акын Амантай Кутманалиев barometr.kgге сүйүнчүлөдү. “Эл ырчысы Эстебес” тобунда кубаныч, ырчы кызыбыз Элзар Өскөнбаева кыздуу болду. Бешик бооңор бек болсун, бала-чакаңар бапырап үй-бүлөңөрдү жакшылык жылоолой берсин!”,-дейт Амантай Кутманалиев.

Уулунун артынан кыздуу болгон Элзар айымды биз да куттуктайбыз! Бешик боосу бек болсун!

Ссылка: https://barometr.kg/content10188



Добавить комментарий