Касиеттүү Кочкор жергеси тууралуу....
Эмне үчүн Кочкор өрөөнүндө саздар көп. Анткени Х кылымдын башында сел жүрүп кеткенден кийин, майда көлмөлөр, көлдөр пайда болгон. Алар: Дөң Алыштын сазы, Молдо Кылычтын (Асабайакундун) сазы, Бугучунун сазы, Ак Талаанын сазы, Тармал саз, Туздун сазы, Чекилдектин сазы. Төрт Күлдүн сазы, Кум Дөбөнүн сазы, Ак Жардын сазы, Кочкордун сазы, Күржү Булуңдун сазы, Теңдиктин сазы, Семиз Белдин сазы, Арсынын сазы, Кара саз, Кара суунун сазы, Большевиктин сазы ж.башкалар. Саздар пайда болгон жерлерде сасык көл, сары көлдөр пайда болгон. Сел менен агып келген чополуу топурак чөгүндү болуп, көлмөнүн түбүнө тунгандан кийин, суунун ичине ар кандай өсүмдүктөр агындылар топтолуп сазды пайда кылган. Эмне үчүн Чолпон айылынын тушунда Каракол, Сөөктүн суусу жер астына кирип, бир километрден кийин кайра Чолпондун аягынан чыгат, көрсө Ак Чий,Узун Булактын суусу илгерки мезгилде капталдан киргенде, жер астындагы чопо катмарды жууп кеткендиктен, суу батыштан агып келген шагыл катмарга сиңип кайра чыгат экен. Кочкор өрөөнүндө кыштоолор аябай көп. Байыртадан эле адамдар малы менен кышкысын кар жатпаган өрөөндөрдө кышташкан. Өрөөндүн күңгөй жак беттериндеги тоонун этектеринде көптөгөн кыштоолор болгон. Мына Шамшы айылынан баштайлы. Кашка Суу, Уй булак, Көлтөр, Жалгаш, үч Көркол, Ичке, Коңорчок, Көч чыкчу, Сары гоо, Кара булак, Кара Байзак, Талды булак, Калпак, Керимбек, Ак булак, Кыргоо, Аңги, Түндүк, Базылбек, Керкебес, Кургак Ичке ж.б. бул анча толук эмес тизме, муну дагы уланта берсе болот. Бул кыштоолорду адам баласы мал багып жашагандан бери кышында пайдаланышкан. Ал эми илгери Чүй өрөөнүндө кыштоолор жок, болгон да эмес. Жазында жаздатып барышкан эл гана жаздоого турушкан. Баласагын (Бурана) шаарынын тегерегине кыштаткан мал болгон эмес. Азыркы окумуштуулардын В.В.Бартольддун жазганы боюнча Бурананын (Баласагын) жанында мал кыштаткан дешкени туура эмес. Көчмөн элде кар жаткан өрөөндөрдө мал кыштаттуу тоют камдоо болбогондуктан кыштаган эмес. Кочкор өрөөнүндөгү Баласагындын жанында Күз-Ордодо, Күз үлүш ( Күзгү кыштак, кыштама) жерлерде мал кыштатышкан. Совет мамлекети курулгандан кийин жасалма кыштоолорду сарайларды курушуп, кокту коктуларга мал кыштап, суу ташып, чөптү таңгактап жеткирип турушкан. Мал жалпы ортодо, коомдуку болгондуктан ага кеткен чыгымды эсептебестен заңгыраган сарайларды, үйлөрдү курушкан. Жолдорду куруп, кудуктарды казып суу чыгарышкан. Анын бири Казахстандын Кенес-Анархай кыштоосу. Бул кыштоого кышында Чүй өрөөнүнөн барган колхоз-совхоздордун малын багышкан. Ага чөп-жем, суу жана малга керектүү сарайларды жана мал баккан эл жашоосу үчүн курулуштарды курушуп, шарттарын түзүшкөн. СССР мамлекети тарап кеткени бул кыштоолор калып, миллиондогон каражат кеткен кыштоолор калып кетти. Себеби:Чүй өрөөнүндө ортодо мал калбай, тоют даярдоо токтоп, кыштоолорго баруу токтоду. 1970-жылдарга чейин Нарын, Жумгалдан келген малчылар Кочкорго кыштап кетип турушту. Тоют даярдоо колго алынгандан кийин ал малчылар келбей калды.
Кайырбек Коңурбаев, Ыйык-Мурас коомунун Төрагасы.
Ссылка: https://barometr.kg/content1018
Добавить комментарий ×