Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен тар курамда жолугушту

25 декабрь 2017 19:56 582 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда Казакстан Республикасына  жасаган расмий  сапарынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен тар курамда жолугушту. Жээнбеков  Нурсултан Назарбаевге  Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы жана жылуу кабыл алган меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бул жыл  биздин өлкөлөрүбүз  жана элдерибиз үчүн абдан  маанилүү жыл болуп эсептелет. Биз мамлекеттерибиздин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгын 25 жылдыгын чогуу майрамдап жатабыз. Чындыгында  элдерибиздин ортосундагы мамилелер кылымдарды карыткан, бизди тууганчылык мамилелер, салттардын, тилдин жана маданияттын   жалпылыгы ажырагыс кылып байланыштырып турат. Эгемендик жылдары кыргыз-казак  мамилелери  стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын маанайында   өнүгүп келатат. Кыргызстан мурдагыдай эле  Казакстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана активдештирүүгө багытталган тышкы саясатын  жүргүзө берет”, -деди ал.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстан Кыргызстандын  стратегиялык өнөктөшү экендигин, эки өлкөнүн союздаштык мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө бардык күч аракетин жумшаарын баса белгиледи.

Назарбаев  өз кезегинде  Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга келгенине  кубанычта экендигин белгиледи. “Кыргыз эли Сизге ишеним көрсөтүп, өзүнүн Президенти кылып шайлады. Казакстанга кош келиңиз, биз Сизди меймандос казак жеринде көргөнүбүзгө курсантпыз. Биз келебиз, кетебиз, эл калат. Ошондуктан бир туугандык, достук мамилелерди аздектеп, кийинки муунга калтырып кетиш - биздин милдетибиз”,- деп баса белгиледи Нурсултан Назарбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/content10158



Добавить комментарий