Изат Артыковдун медалы кайтарылып алынбаса дагы олимпиада чемпиондорунун стипендиясын алат
Бөлүшүү:
Мамлекеттик стипендия учурда 256 спортчуга берилет. Алар жети категория боюнча 2 миңден 45 миң сомго чейин алышат. Ар бир жарым жыл сайын атайын комиссия спортчунун жетишкендиктерине жараша стипендиянын өлчөмүн бекитип турат. Эске сала кетсек, кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков жайында Рио-де-Жанейро шаарында өткөн 31-жайкы олимпиада оюндарында коло медалга ээ болгон. Кийин Допингге каршы эл аралык агенттик Артыковду стрихнин затын колдонгон деген жүйө менен анын медалын жокко чыгарган. Ошондон бери бул маселени эл аралык спорттук арбитраждык сот карап жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1014
Добавить комментарий ×