Өкмөт санавиация үчүн тик учактарды алуу маселесин карап жатат
Бөлүшүү:
Өкмөт санавиация үчүн тик учактарды алуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында медициналык кадрларды даярдоонун абалы боюнча маселени кароонун жүрүшүндө билдирилди.
Премьер-министр Сапар Исаков бул маселе боюнча тез арада сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Исаков, тоолуу аймактар шартында санитардык авиациянын болушунун зарылдыгын белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга айтылган маселелерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын тез арада иштеп чыгуу тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content10116
Добавить комментарий ×