Филиппинде селдин кесепетинен 90дой киши каза тапты
Бөлүшүү:
Филиппинде болгон сел жана суу ташкындарынын кесепетинен 90дой киши каза тапты. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.
Агенттиктин маалыматына ылайык, кырсыктан улам ондогон тургун дайынсыз жоголду. Буга чейин 41 киши каза болгон, ал эми 45 жаран дайынсыз жоголгондугу кабарланган.
Суу ташкынын, жер көчкүнү жараткан катуу шамалдын күчүн 270 миң адам сезген. Өлкөнүн аймагында 608 эвакуация борбору ачылды, ал ичине 44 000 адамды батыра алат.
Баарынан көп Билиран провинциясы жабыркаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content10115
Добавить комментарий ×