Бишкекте милиция кызматкерлери атасынын көзүнчө анын 13 жаштагы кызын сабаган

23 декабрь 2017 11:26 988 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Октябрь РИИБсинин милиционерлери 13 жаштагы кызды атасынын көзүнчө сабап салды. Кызын коргоп калуугу болгон аракети үчүн жаранды тергөө абагына отургузуп коюшкан. Бул тууралуу “Вентус” коомдук бирикмеси билдирди.

Демек, жапа чеккен, акыйкатка уммутлуган Кубанычбек Жээнтаев, жашы жете элек кызы Жаркын менен, Кылмыш кодексинин 305-1-беренеси боюнча иш козгоону талап кылууда.

​"Бирок прокуратура мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алганга шашпай келет Жабыркагандардын айтымында, алар Октябрь РИИБсинин кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынгандан кийин, денелеринде көк-ала тактар калган жана психикалык жактан жапа чегишкен. Алар ооруканага жаткырылып, стационардык дарылануудан өтүшкөн. Азыркы тапта жабырлануучулар амбулатордук дарылануу алып жатат. Стамбул протоколу боюнча кароодон кийин дарыгерлердин жыйынтыгы алардын далилдерин ырастаган.

Жапа чеккендер Октябрь райондук прокуратурасына, башкы прокурорго, кыйноолорго каршы Улуттук борборго, акыйкатчыга жана президентке кайрылышкан.

Бирок учурда Октябрь райондук прокуратурасы факты боюнча иш козгобой келет»,-деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10108



Добавить комментарий