Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

22 декабрь 2017 18:03 632 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББсинин басма сөз кызматынан билдиришти.

РИИБсине, шаар тургунунан арыз түшкөн. Анда жаран «ушул жылдын сентябрь айынын башында Кумарбек А. курулуш материалдарын алам деп шылтоо кылып 30 000 сом акча алып бүгүнкүгө чейин жашынып жүрөт» деп жазган.

Көрүлгөн чараларга ылайык кызматкерлер тарабынан 1982-жылы туулган Кумарбек А. деген шектүү кармалган.

Учурда факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.

«Урматтуу жарандар, эгер сиз сүрөттөгү жарандан жапа чеккен болсоңуз төмөнкү номерлер аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз: 0559 102 792, 0708 923 027, 0559 124 220», -деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ссылка: https://barometr.kg/content10106



Добавить комментарий