Илимдин доктору өкмөт башчыны сындаган эл өкүлдөрүн уяткарды

22 декабрь 2017 15:42 1574 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Билимдүү жана жаш өкмөттү сындагандан мурун, депутаттар биринчи өзүнүн резюмесин карап алышсын»,-деп тарых илимдеринин доктору Айнура Арзыматова, депутат Жанар Акаевдин «өкмөт тапшырмасын аткара алган эмес» деген билдирүүсүнө түшүндүрмө берип жатып, депутаттарды чакырды.

Анын айтымында, Жанар Акаев сыяктуу көпчүлүк эл өкүлдөрү сындаганды эле билишет. Сапар Исаков өкмөткө жаш, билимдүү, тажрыйбасы бар адамдарды алып келди.

«Акыры өкмөт жаңылануу жолуна түшүп келатканда, эл өкүлдөрүнүн «азыркы өкмөт эчтеке кылган жок» деп айтып сындашы акылга сыйбас нерсе. Өкмөттүн иштеп жатканына 3 айдан араң ашты. Мейли дагы иштешсин. Алар али жаш. Мындай кадрдык системаны жаңылоону биринчи революциядан кийин жасаш керек эле. Депутаттар өкмөт баарын бир күндө коңторуп салса деп жатышатко, андай нерсе болбойт. Аларга, иштөө, кырдаалды ичинен изилдеп чыгуулары үчүн убакыт бериш керек», - деп эсептейт ал.

Арзыматова, жаш министрлер, кеңешчилер жана вице-премьер-министрлер өзүнүн ишин билген келечеги бар инсандар деп ишенет.

«Көбү чет жактан мол тажрыйба топтоп келишкен. Алар өлкөнү өнүгүүгө чыгарат деп ишенемин»,-дейт ал.

Тарых илимдеринин доктору, өкмөттү сындаган картина тажатма деп эсептейт.

«Кана кимиси чет өлкөдөн билим алып келген же башка мамлекеттерде иштеп тажрыйба топтогон? Депутаттардын дээрлик баардыгы политехникалык, сырттан юридикалык жана дипломатиялык билим алган, бирок биз сырттан окуу эмне экенин жакшы эле билебиз да. Баарыныкы эле резюмелери окшош. Анан жаш өкмөттү сындап чыкканда алардан өздөрү кандай базага ээ экенин сураш керек”,-деп нааразы болду Арзыматова.

Ссылка: https://barometr.kg/content10093



Добавить комментарий