Ысык-Атада турак жай өрттөнүп, бир киши каза тапты
Бөлүшүү:
Чүй областындагы Ысык-Ата районунда болгон өрттөн би радам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 22-декабрда, саат 07:45те Киров айылында жайгашкан турак үй өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 07:50дө өрт толугу менен өчүрүлгөн. Окуя болгон жерден адамдын сөөгү табылган. Учурда маркумдун өзүгү аныкталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10090
Добавить комментарий ×