Артыкбаев: 3 000 бала тубаса кемтик оорусу менен төрөлгөн

3 март 2017 13:39 406
Бөлүшүү:
ok

2017-жылдын 3-мартында  «СДПК» фракциясынын  фракциялык жыйынында  КР Саламаттыкты сактоо министри  Талантбек Батыралиев калктын ден-соолугу боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди. 

Сөз алып сүйлөгөн  Осмонбек Артыкбаев министрге кайрылып «2016-жылы   158 000 бала   төрөлсө, 33000 бала  тубаса кемтик оорулуу бала төрөлдү.   2015-жылы мындай оору менен төрөлгөн  балдардын саны 2700 болчу. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?»-деп суроо узатты.  Эл өкүлүнүн суроосуна министр  «Ар бир балалуу болом деген үй-бүлө ага даярданышы керек. Бирок ымыркайлардын ар кандай тубаса кемтик ооруулар менен    төрөлүп жатышынын себеби  ар кандай мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш, байытылган ундун колдонулбай жатышы ушул тармакта өзүнүн таасирин тийгизип жатат” –деп жооп берди.   

Осмонбек Артыкбаев  витаминдер менен байытылган унду жана йоддолгон тузду күнүмдүк турмушта кеңири пайдаланып, мындай ооруулардын алдын алса болоорун айтып, министрге йоддолгон туз боюнча мыйзам иштеп жатканын бул боюнча аракеттердин көрүү керектигин айтты.  

Андан тышкары депутат, байытылган унду жана йоддолгон тузду колдонбоонун кесепеттери боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин уюштурууну колго алып, керектүү иш-чараларды иштеп чыгунуу суранды.

Ссылка: https://barometr.kg/content1009



Добавить комментарий