Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Казакстан, андан ары Россияга барат

22 декабрь 2017 12:59 773 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга барат. Бул тууралуу преиденттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева журналисттерге билдирди.

«25-26-декабрь күндөрү, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен, Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен  Казакстанга барат. Сапардын алкагында тар жана кеңири курамда жолугушууларды өткөрүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташтыктык жана ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктан маселелерин талкуулашат»,-деп билдирди ал.

«Жолугушуунун аягында маанилүү документтерге: кыргыз-казак чек арасы тартиби боюнча макулдашуу, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо тууралуу келишимге кол коюу күтүлүүдө», - деп кошумчалады Субакожоева.

Ал ошондой эле, Жээнбеков Казакстандын өкмөт башчысы менен дагы жолугушарын билдирди. «Астанадагы сапардан кийин Кыргызстандын президенти, Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин чакыруусу менен жумушчу сапар менен Москвага барат. Ал жакта өлкө башчысы КМШ мамлекеттеринин башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышат»,-деди Субакожоева.

Ссылка: https://barometr.kg/content10081



Добавить комментарий