Иманалиев: «Кыргызстандык мигрант - бул инвестор жана меценат»
Бөлүшүү:
«Азыркы реалийлерде кыргызстандык мигрант-бул инвестор жана меценат»,-деди «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда парламенттик жыйында билдирген.
Ал, салыштыруу иретинде, Кыргызстан «Кумтөр» ишканасынан дээрлик 11 млн доллар алат, ал эми эмгек мигранттары болсо мекенине дээрлик 2 млрд доллар жөнөтүшөт деп түшүндүрдү.
Белгилесек, Жогорку Кеңештин социалдык маселе, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети бүгүн, 22-декабрда, «Чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу» мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угуу өткөрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content10079
Добавить комментарий ×