Мексикада туристтерди ташып бараткан учак жарылды
Бөлүшүү:
Кечээ, Мексикадагы Кинтана-Роо штатында ичинде беш жүргүнчүсү бар учак жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Cessna 207 бортунда Улуу Британиянын 4 туристи жана учкуч бар болчу. Учак Плайи-дель-Карменден Чичен-Ица археологиялык аймагына багыт алган жана токойго кулаган.
Борттогу адамдардын баары тирүү калган, бирок түрдүү жаракаттарды алышкан. Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар менен өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content10062
Добавить комментарий ×