Жамийланын Данияры – Руслан Курманалиев
Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаштар театрында эмгектенип жаткан белгилүү актер Руслан Курманалиев көптөгөн кинолорго, кыска метраждуу тасмаларга жана жарнамаларга активдүү тартылып келет. Азыр болсо айтылуу алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чарага аталган театр Айтматовдун “Жамиласын” даярдашууда. Башкы каарман Даниярдын ролун Руслан Курманалиев аткарууда. barometr.kg Русландан “бул каарманды жаратуу оорго турган жокпу? “Курманжан Датка” тасмасында Датканын атасынын ролун аткарбадың беле. Андыктан жеңил эле болсо керек?” десек, күлүп: “Ар бир каармандын ролун аткаруу чынында өтө оор. Бир ай даярданасың. Айрым учурда 9 айга да кетип калышы мүмкүн. Эми ар кандай болуп калат. Абдан даярданабыз, роль кандай жаралганы боюнча эл баа бериш керек. Жаңы жылдан кийин “Жамиланын” бет ачаары болот. Ошондо көрүп, баа бересиздер да”,-дейт Руслан Курманалиев.
Ссылка: https://barometr.kg/content10051
Добавить комментарий ×