"Бешинчи каналдын" башкы директору: «Менин НТСке кетейин деген оюм жок»

21 декабрь 2017 15:43 648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Бешинчи каналдын» башкы директору Евгения Бердникова, ал НТС телеканалына жетекчилик кылуу оюнда жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасында жазган.

"Досторум! 
Азыр бул жазгандарымды аз эле киши окуп жатканын билем. Мен активдүү колдонуучу болбой калгам, анткени бул жерде өтө эле керексиз чуулар орун алган. Бул нерсе мага бир катар маанилүү чечимдерди, бирөөнүн пикирисиз кабыл алууга жардам берди. Бирок учурда мага Фейсбуктун колдонуучуларынын жардамы керек. Кичи пейилдикке, мени уккула жана ал кимге кызыктуу болсо айтып бергиле!
Ооба, мен "Бешинчи каналдан» кетип жатам. Бул менин гана чечимим болду жана анын учурда маалымат талаасында болуп жаткан окуяларга байланышы жок. Мен, «Бешинчи канал» долбоору өзүн жок кылгандыктан кетип жатам. Анткени 11 жыл бир орунда иштөө бир жашоо үчүн абдан эле узун убакыт. Анткени ЖМК, ТВлер менин жеке келечек жашоомдун приоритети болуп эсептелбейт. Мен каналдын жамаатын, команданы абдан жакшы көрөм. Чечим кабыл алып жатканда биринчи кезекте команданы ойлодум. Ком анда өсүшү-өнүгүшү, жаңы долбоорлорду жасашы, драйв, нерв, эмоцияларда жашашы керек. Биз башка жолун билбейбиз. Азыр ушунун баарын толук көлөмдө алуунун ылайыктуу учуру келип жетти. Команданын колунан келет деп ишенем!",  - деп жазды ал.


Бердникова эч жакка кетпей турганын жана башка каналда иштөө оюнда жок экенин билдирди.

"НТС каналынын кесиптештери, демиңерди чыгаргыла! Мунун баары калп!  Мен ал турсун мамлекеттик структураларга да иштегени барганым жок. Мен билим берүү тармагында тынч эле долбоорлор менен алектенем. Ал мага кызыктуу. Ал жакта эч кандай саясат жок, мына ушунусу мага көбүрөөк жагат. Ушул жылдын аягына дейре менин башкы милдетим-каналды, аны мындан ары алып кете турган командага өткөрүп берүү. Мен ал ким болорун билбейм чындыгында. Каналдагы окуялар башаламандыктан чыкмайынча мен бул жерде жана мессенжерде байланышта болуп турам. Телефон номерди табуу деле маселе жаратпайт. Дайыма, имиш-кептерди жайылткандан көрө түз кайрылып сураган жакшыраак эмеспи", - деп сөзүн жыйынтыктады Бердникова.

Ссылка: https://barometr.kg/content10050



Добавить комментарий