Жасалма күбөлүк менен баланы Москвага алып чыгууга аракеттенген аял кармалды

21 декабрь 2017 13:10 853 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 21-декабрда, Ош-Москва каттамын ишке ашырууда «Ош-аэропорт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары жасалма туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен баланы Кыргызстандан сырт жакка алып өтүүгө аракеттенген кыргызстандык аялды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

1958-жылы туулган, И.С. аттуу жаран паспорттук текшрүү учурунда жасалма күбөлүктү көрсөтүп 7 жаштагы кызды Кыргызстандан Россия Федерациясына алып өтүүгө аракет кылган. Кармалган аялдын айтымында, ал чыныгы күбөлүктү жоготуп алганына байланыштуу жасалманы колдонгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, жаран КРдын УКМКнын аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10044



Добавить комментарий