Осмонбек Артыкбаев балдардын ден-соолугу үчүн өкмөттү кайдыгер карабоого чакырды

3 март 2017 12:05 625 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2017-жылдын 2-мартында, Жогорку Кеңештин  депутаты Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин  жыйынында Кыргызстанда тубаса  кемтик оорулуу наристелердин коп төрөлүп жаткандыгын белгиледи. Анын негизги себеби болуп, калк анын ичинде кош бойлуу энелер байытылбаган унду кунумдук оокатка колдонбой жаткандыгын айтып, өкмөткө бул маселе боюнча көңүл буруп коюууну чакырды. “Учурда Кыргызстанда  тубаса кемтик ооруулар менен төрөлгөн ымыркайлар көбөйдү.  Мунун алдын алуу маселеси абдан оор бойдон калууда. Жаш балдардын өлүмүнүн 18%ы  дал ушул тубаса кемтик оорусу менен ооруган балдар түзөт. Жалпы 17 жашка чыккан балдардын 26%ы жүрөк кемтиги оорусу менен ооруп жатышат. Мунун баардыгы  байытылбаган унду жана йоддолгон тузду колдонбоонун айынан болуп жатат. 2009- жылы байытылган ун боюнча  мыйзам кабыл алганбыз. Бирок өкмөт бул токтомду аткарбай жатат. Байытылбаган ун Казакстандан келүүдө.  Алар өздөрү байытылбаган ундарды бизге жиберип, бирок өздөрү байытылган унду колдонуп жатышат”-дейт депутат.  Эл өкүлү балдардын ден-соолугу үчүн  өкмөттү кайдыгер карабай, байытылган унду жана йоддолгон тузду колдонбоонун кесепеттери боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин уюштурууну колго алып , керектүү иш-чараларды иштеп чыгууну суранды.

Ссылка: https://barometr.kg/content1004



Добавить комментарий