Депутат: Толкунбек Абдыгулов бир кызматтан экинчисине секирип жүрө берет
Бүгүн, 21-декабрда, парламенттин жыйынында, КРдын Улуттук банкынын төрага кызматына вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги каралып жатканда, депутат Эмил Токтошев талапкерден жаңы кызматта канчага чейин болорун сурады.
"Биз сизди кыска мөөнөт ичинде 3 жолу шайладык, алгач биринчи вице-премьерликке, анан вице-премьер кызматына, эми болсо Улуттук банктын төрагалыгына. Айтсаңыз, дагы башка жакка барасызбы? Улуттук банкта канчага чейин иштейсиз?", - деп сурады депутат.
Абдыгулов, депутаттардын ишенимин актоо үчүн бардык күч аракетин жумшай турганын айтты.
"Эгер менин талапкерлигимди колдосоңор, анда бардык мөөнөттү: 7 жылды иштеп берүүгө убада берем", - деди Абдыгулов
Эске салсак, Улуттук банктын жетекчилик орду, Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалгандан кийин ваканттык боюнча калтырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content10037
Добавить комментарий ×