Аламедин районунда унаа дарыяга кулап, айдоочу мерт кетти

21 декабрь 2017 10:36 834 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй областында адам өмүрүн алган катуу жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Аламедин районундагы кечээ, 20-декабрда, Кой-Таш айылында "Фольксваген-Жетта" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу траснпортту башкара албай калып Аламүдүн дарыясына кулаган.

Анын кесепетинен 1974-жылы туулган Ш.Н. аттуу айдоочу мерт кеткен. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ссылка: https://barometr.kg/content10029



Добавить комментарий