Трамп Өзбекстандын президентин АКШга чакырды

21 декабрь 2017 09:17 668 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылар өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аймактагы коопсуздук, Ооганстандагы абалды тынчтык жол менен жөнгө салуу, эл аралык терроризмге, экстремизмге жана радикализмге каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчылар Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүүдө эл аралык колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Трамп Өзбекстандын ачык жана конструктивдүү тышкы саясатын кубаттады. Айтымында, өлкөнүн коңшулары менен мамилени жакшыртуу боюнча жигердүү аракеттери жалпы Борбор Азиядагы тынчтык менен туруктуулукка өбөлгө болот. Соңунда эки тараптуу кызматташтык жаатындагы перспективдүү пландарды биргеликте карап чыгуу үчүн Дональд Трамп Шавкат Мирзиёевди расмий сапар менен АКШга келип кетүүгө чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10018



Добавить комментарий