Соцтармактарда студент кыз аны УКМК кызматкеринен сактап калууну өтүнүп жатат

20 декабрь 2017 19:46 3020 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19 жаштагы студент Аймарал Каарманова социалдык тармактардын колдонуучуларына колдоо сурап кайрылды. Бул тууралуу ал өзүнүн баракчасында жазган.

Эске салсак, буга чейин ушул жылы 16-ноябрда Ч.Айтматов проспектисинде эки унаа:  «Тойота Лэнд Крузер» менен «Шевроле» минивен кагылышкан. «Тойота Лэнд Крузер» унаасын Аймарал Каарманова, ал эми минивенди кортежди коштоп келаткан УКМКнын кызматкери башкарып келаткан.

Каарманова, бул жол кырсыгында аны күнөөлүү кылууга аракет кылынгандыктан акыйкатка жетүүгө жардам сурап жатат. Анын айтымында, ошол минивендин айдоочусу жол эрежесин бузган.

Каарманованын кайрылуусу:

"Кымбаттуу достор, силерге жардам сурап кайрылып турам. Бул жерде мага жакын адамдардын көбү мени жакындан таанышат. Ата-энесинин сыймыгы болууну каалаган башка балдардай эле мен дагы дайыма  тырышчаак, кунт койгон кыз болууга умтулуп келгем. Мен, кайсы бир жүрүм-турумдарым ата-энемди капа кылбаса экен деп коркчумун. Бардык иш-аракеттеримди ойлонуп туруп анан жасачумун. Азыркы менин башыман өткөн абалды эч кимге каалабайт элем.
16-ноябрда окууга кетип баратканда картеждик унаа менен кагылышуу болду. Мен Ч.Айтматов көчөсүнө кайрылардан мурун эки жакта карасам бир дагы унаа жок болчу. Сол жагымдан гана жетишерлик алыстыкта бир унаа көрүнгөн. Ошондо өзүмдүн тилкеме чыкканда каршы тараптан тез ылдамдыкта келаткан унааны көрдүм, анан кагылышуу болду. Кудайга шүгүр, мындай катуу жол кырсыгынан кийин унаамдагы эч кимибиз (сиңдим, айдоочу, мен) олуттуу жаракат алган жокпуз. Шок абалында болгондуктан кагылышуудан кийин болгондорду элес-булас билем. Бир нече убакыттан кийин иликтөө башталганда, бизге алдын ала бул жол кырсыгына күнөөлүү деп мени тапкандары жана мага карата иш козголо турганы маалым болду.  Окуянын картасын шашып-бушуп түзө калышып, жол кырсыгынан кийин автоунааларды экспертизадан өткөргөн менчик компаниянын чыгарган таң калычтуу жыйынтыгы менен эле айыпты тагып салышты. Мен баарын жарыялоону чечтим, силердин, досторумдун, коомчулуктун колдоосу гана бул маселеге калыс кароого жардам берет. Мен жана үй-бүлөм үчүн акыйкаттын жеңип чыгышы абдан маанилүү, ошон үчүн мен силерден мүмкүн болушунча бул билдирүүмдү интернеттеги баракчаңарда көбүрөөк бөлүшүп коюшуңарды өтүнөм. Окуя тууралуу канчалык көп адам билсе калыстык ошончолук тезирээк орнойт", - деп суранды кыз.

​Анын мындай посту соцтармактарда резонансты жаратты. Интернет колдонуучулар кызга колдоо көрсөтүү иретинде баракчаларында билдирүүнү активдүү бөлүшүп жатышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10012



Добавить комментарий